Илимий изилдөөлөргө жаңы кадам: ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучусу Акназарова Сүйүмкан WCMSE-2026 эл аралык конгрессинде

2026-11-18 06:00:41 14

2026-жылдын 4-ноябрында Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде Дүйнөлүк механик-окумуштуулар жана инженерлер конгрессинин (WCMSE-2026) алкагында «Суюктуктардын жана газдардын механикасынын актуалдуу көйгөйлөрү» аттуу эл аралык илимий конференция болуп өттү. Аталган конференцияга Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинин Программалоо предметтик-циклдик комиссиясынын окутуучусу Акназарова Сүйүмкан катышып, «1:1:2 тараптар катышындагы обочолонгон имараттын куюндуу аэродинамикасын ири куюндар ыкмасы (LES) менен моделдөө» деген темада илимий баяндама жасады. Конференциянын жүрүшүндө суюктуктардын жана газдардын механикасы, турбуленттүү агымдарды сандык моделдөө жана заманбап эсептөө технологияларын колдонуу боюнча актуалдуу илимий маселелер талкууланды. Иш-чара эл аралык илимий тажрыйба алмашууга, изилдөөлөрдүн натыйжаларын талкуулоого жана окумуштуулар ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түздү. Конференциянын уюштуруу комитети катышуучуларга, анын ичинде Акназарова Суйумканга, илимий салымы жана активдүү катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди.