2026-11-17 10:00:58 3
ПОВТАС жана КМТШИ адистиктеринин аккредитациядан өтүүсүнө даярдык көрүү боюнча консультация өткөрүлдү Индустриалдык-педагогикалык колледжинде ПОВТАС жана КМТШИ адистиктеринин аккредитациядан өтүүсүнө даярдык көрүү максатында Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) Аккредитация жана лицензиялоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда консультациялык жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө окутуучуларга аккредитациялык талаптар жана критерийлер, өзүн-өзү баалоо отчетун даярдоо, окуу-методикалык документтерди талапка ылайык тариздөө, билим берүү программаларынын сапатын камсыздоо жана тиешелүү далилдөөчү материалдарды топтоо боюнча кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле аккредитациядан ийгиликтүү өтүү үчүн зарыл болгон уюштуруучулук жана методикалык иштер талкууланып, окутуучулар тарабынан берилген суроолорго жооптор берилип, практикалык сунуштар айтылды. Мындай консультациялар билим берүү программаларынын сапатын жогорулатууга, аккредитацияга даярдык иштерин системалуу уюштурууга жана колледждеги билим берүү кызматтарынын сапатын камсыздоого багытталган.