2026-11-16 10:09:34 4
ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучулары эл аралык илимий конференцияга катышты 2026-жылдын 29-октябрында, бейшемби күнү, Манас шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте «Инновациялык билим берүү – идеялар, долбоорлор жана технологиялар» аттуу эл аралык илимий конференция болуп өттү. Өткөрүлгөн жери: Кыргыз Республикасы, Манас шаары, «Спутник» кичи району, Тарсус көчөсү, 1А, К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет. Конференцияга Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын окутуучулары, илимпоздору жана IT тармагынын адистери катышты. Аталган эл аралык илимий конференцияга Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинин Программалоо предметтик циклдик комиссиясынын төрт окутуучусу катышып, маалыматтык технологиялар, жасалма интеллект жана компьютердик тармактар боюнча актуалдуу темаларда баяндамаларын сунушташты. Конференцияга катышкан окутуучулар жана алардын баяндамалары: 1. Аттокурова Анара Абдывалиевна — Программалоо предметтик циклдик комиссиясынын төрайымы. Баяндамасы: «Билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги». Чыгуу убактысы: 11:20. 2. Исмаилов Жоомарт Тезекбаевич — Программалоо предметтик циклдик комиссиясынын окутуучусу. Баяндамасы: «Булут технологиялары жана компьютердик тармактардын өнүгүүсү жана келечеги». Чыгуу убактысы: 11:35. 3. Сулайманов Заур Мамадалиевич — Программалоо предметтик циклдик комиссиясынын окутуучусу. Баяндамасы: «Заманбап компьютердик тармак түшүнүгү». Чыгуу убактысы: 12:00. 4. Жороева Мунара Өмүрбековна — Программалоо предметтик циклдик комиссиясынын окутуучусу. Баяндамасы: «Этика жана жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү колдонуу». Чыгуу убактысы: 12:10. Катышуучулардын мекемеси: Ош мамлекеттик университети, Индустриалдык-педагогикалык колледжи, Ош шаары. Конференциянын жүрүшүндө билим берүү системасына заманбап технологияларды киргизүү, жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү, булут технологияларынын өнүгүшү, компьютердик тармактардын келечеги жана санариптик технологияларды жоопкерчиликтүү пайдалануу маселелери талкууланды. Мындай эл аралык илимий иш-чараларга катышуу окутуучулардын кесиптик жана илимий потенциалын жогорулатууга, эл аралык тажрыйба алмашууга, инновациялык окутуу ыкмаларын өздөштүрүүгө жана билим берүүнүн сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт. ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучулары мындан ары да илимий изилдөө жана эл аралык кызматташтык багытындагы иштерин улантышат.