Индустриалдык-педагогикалык колледжинде ПОВТАС адистигинин негизги кесиптик билим берүү (НКББ) программасы талкууланды

2026-10-23 09:38:12 21

2026-жылдын 21-октябрында Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинде (ИПК) ПОВТАС адистигинин негизги кесиптик билим берүү программасын (НКББП) талкуулоого арналган иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Индустриалдык-педагогикалык колледжинин директору М. Э. Манашов, «Программалоо» предметтик-циклдик комиссиясынын (ПЦК) окутуучулары, иш берүүчүлөр жана ПОВТАС адистигин аяктаган бүтүрүүчүлөр катышты. Иш-чаранын негизги максаты — билим берүү программасынын мазмунун заманбап талаптарга ылайык талдоо, эмгек рыногунун муктаждыктарын эске алуу жана келечектеги адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу. Талкуунун жүрүшүндө окуу дисциплиналарынын мазмуну, алардын азыркы мезгилдин талаптарына шайкештиги, студенттерге берилүүчү теориялык билимдердин жана практикалык көндүмдөрдүн актуалдуулугу тууралуу пикир алмашуу болду. Өзгөчө көңүл маалыматтык технологиялар тармагындагы жаңыланууларга, студенттердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө жана окуу процессинде практикалык багытты күчөтүүгө бурулду. Иш берүүчүлөр эмгек рыногунда талап кылынган билимдер жана көндүмдөр боюнча өз ойлорун билдирип, билим берүү программасын өркүндөтүүгө багытталган сунуштарын айтышты. Ошондой эле студенттерди келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө даярдоодо заманбап технологияларды өздөштүрүүнүн жана практикалык тажрыйба топтоонун маанилүүлүгү белгиленди. ПОВТАС адистигинин бүтүрүүчүлөрү да талкууга активдүү катышып, окуу учурунда алган билимдеринин кесиптик ишмердүүлүктөгү орду, иш тажрыйбасында кездешкен талаптар жана окуу программасына киргизүүгө боло турган кошумча багыттар боюнча өз пикирлерин жана сунуштарын билдиришти. Иш-чаранын алкагында билим берүү мекемеси, иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун мааниси белгиленди. Жыйынтыгында катышуучулар тарабынан айтылган ой-пикирлер жана сунуштар ПОВТАС адистигинин негизги кесиптик билим берүү программасын мындан ары өркүндөтүүдө эске алына тургандыгы белгиленди. Мындай жолугушуулар билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, окуу программаларын эмгек рыногунун талаптарына шайкеш келтирүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү, заманбап адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.