2026-06-03 10:00:43 15
2026-жылдын 7-апрелинде окутуучу Абышева Айгүл Орозованын жетекчилиги астында студенттер космос темасына арналган чыгармачылык жана таанып-билүү иш-чарасына катышышты. Студенттер дубал гезиттерин даярдап, ракетанын макетин түзүп, космостук кемелердин түзүлүшү тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле космос темасында ырларды жазып, өздөрүнүн кыялдарын жана келечекке болгон көз караштарын чагылдырышты. Иш-чара студенттердин инженердик ой жүгүртүүсүн жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды.