БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДА ИННОВАЦИЯЛЫК ОКУТУУ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ: ТАЖРЫЙБА ЖАНА НАТЫЙЖА

2026-06-03 09:37:15 20

2026-жылдын январь айында Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган усулдук иш-чаранын алкагында Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучулары Байгазиев К. жана Шаимкулова Ө.Р. шаардагы орус тилдүү башталгыч класстардын мугалимдери үчүн усулдук семинар өткөрүштү. Семинардын жүрүшүндө Байгазиев К. «Решение текстовых задач в начальной школе моделированием» аттуу баяндама жасап, тексттик маселелерди моделдөө аркылуу чечүүнүн заманбап жана натыйжалуу ыкмаларын сунуштады. Ал эми Шаимкулова Ө.Р. «Использование технологии проблемного обучения на уроках русского языка в начальной школе как инструмента формирования УУД» темасында мастер-класс өтүп, проблемалык окутуу технологиясынын окуучулардын универсалдуу окуу аракеттерин (УУД) өнүктүрүүдөгү маанисин жана аны сабакта колдонуу жолдорун практикалык мисалдардын негизинде көрсөттү. Катышуучулардын көптүгүнө байланыштуу семинар эки топко бөлүнүп уюштурулду. Биринчи топко 1–2-класстардын, экинчи топко 3–4-класстардын мугалимдери катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө мугалимдер теориялык маалыматтар менен таанышып гана тим болбостон, практикалык тапшырмаларды аткарып, кесиптик тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышты. Семинардын соңунда катышуучулар сунушталган усулдук материалдардын актуалдуулугун жана инновациялык технологиялардын билим берүү сапатын жогорулатуудагы маанисин белгилешти. Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, мугалимдер тарабынан оң баага ээ болду. Семинардын жыйынтыгында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Т.Б. Досмуратов жана кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси Б.А. Айдарова тарабынан уюштуруучуларга жана баяндамачыларга ыраазычылык билдирилди.