2026-жылдын 25–27-май күндөрү ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледждин Коомдук илимдер жана АЧД ББ ПЦКсынын окутуучулары

2026-06-03 05:19:33 34

2026-жылдын 25–27-май күндөрү ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледждин Коомдук илимдер жана АЧД ББ ПЦКсынын окутуучулары — соц.и.к., доцент Түмөнбаева Г.Б., т.и.к., доцент Маматов А.М., т.и.к., доцент Анарбаева Г.А., окутуучулар Анарбаева Д.М., Кудайбердиев С.А., Солтоев З.А., Бадалова К.Э., Токторова Н.К., Абдалимова А.Ж. жана Рыскулова К. Наманган шаарындагы Наманган мамлекеттик университетинин тарых факультетине академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында барып келишти. Иш сапардын жүрүшүндө окутуучулар тарабынан 12 сааттык конок лекциялар уюштурулуп, тажрыйба алмашуу иштери жүргүзүлдү. Академиялык мобилдүүлүктүн негизги максаты — билим берүү жаатындагы тажрыйбаларды кеңейтүү, академиялык билимдерди тереңдетүү, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана маданий байланыштарды чыңдоо болуп эсептелет.