2026-06-03 04:08:53 24
1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжи тарабынан Алымбек Датка эс алуу жайында профессордук-окутуучулук курамдын жана шаар тургундарынын балдары үчүн майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында балдар кагазга жана асфальтка сүрөт тартып, аппликация жана пластилин менен иштөө боюнча чыгармачылык тапшырмаларга, ошондой эле кызыктуу оюндарга жана сынактарга активдүү катышышты. Индустриалдык-педагогикалык колледжинин кесиптик дисциплиналардын предметтик циклдик комиссиясынын окутуучулары: доцент Шакиров К.А., окутуучулар Самидинова Г., Жээналы уулу Ж. жана Садирдинов Б. тарабынан уюштурулган көркөм сүрөт өнөрү боюнча сынакта мыкты иштер аныкталып, жеңүүчүлөргө эс алуу жайларына жолдомо-билеттер тапшырылды. Майрам балдарга кубанычтуу маанай тартуулап, алардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.В честь Международного дня защиты детей, 1 июня, Индустриально-педагогическим колледжем Ошского государственного университета на территории зоны отдыха «Алымбек Датка» было организовано праздничное мероприятие для детей профессорско-преподавательского состава и жителей города. В рамках мероприятия дети активно участвовали в творческих заданиях по рисованию на бумаге и асфальте, изготовлению аппликаций и поделок из пластилина, а также в различных играх и конкурсах. Преподаватели предметно-цикловой комиссии профессиональных дисциплин Индустриально-педагогического колледжа: доцент Шакиров К.А., преподаватели Самидинова Г., Жээналы уулу Ж. и Садирдинов Б. организовали конкурс изобразительного искусства, в ходе которого были определены лучшие творческие работы. Победителям были вручены путёвки-билеты в зоны отдыха. Праздник подарил детям радостное настроение, яркие впечатления и способствовал развитию их творческих способностей.