«БАЛДАР — БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗ, АЛАРДЫ КОРГОО — БИЗДИН МИЛДЕТИБИЗ!»

2026-06-02 08:12:04 22

1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучусу Аскарова Алия куратордук тайпасынын студенттери менен биргеликте Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборуна кайрымдуулук иш-чарасын уюштурушту. Иш-чаранын алкагында студенттер борбордогу тарбиялануучуларга кийим-кече, таттуулар жана күнүмдүк турмушта зарыл болгон каражаттарды белек кылышты. Мындан тышкары, алар бөбөктөр үчүн атайын даярдалган концерттик программаны тартуулап, ыр-бийлерди аткарып, кызыктуу оюндарды уюштурушту.