«СТУДЕНТ ЖАНА ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ПРОГРЕСС» АТТУУ XII ЭЛ АРАЛЫК СТУДЕНТТИК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-05-30 07:13:23 51

2025-жылдын 29-ноябрында Ош мамлекеттик университетинде «Студент жана илимий-техникалык прогресс» аттуу XII Эл аралык студенттик илимий конференция өткөрүлдү. Конференцияга Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан, ошондой эле Казакстан Республикасынын Астана шаарындагы Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинен жана Анжиян айыл чарба жана агротехнология институтунан 500гө жакын студенттер, магистранттар, 100дөн ашуун илимий жетекчилер, окумуштуулар жана ЖОЖдордун илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышышты. Пленардык жыйында жети жогорку окуу жайдын студенттери баяндама жасашты. Жаш изилдөөчүлөрдүн илимий эмгектери илимдин ар түрдүү багыттарын камтыган 20 секцияда талкууланып, мыкты баяндамачылар дипломдор менен сыйланып, бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Бул конференция Ош мамлекеттик университетинде 2014-жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жаткан салттуу илимий иш-чара болуп саналат. Конференцияга ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин Филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучуларынын жетекчилиги алдында даярдалган студенттер да активдүү катышып, өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын ийгиликтүү сунушташты. Конференцияга төмөнкү студенттер илимий жетекчилери менен катышышты: • Муктаров Абдырасул — ф.и.к., доцент Д.А. Ызабекованын жетекчилиги алдында; • Тиленбаева Бермет — А.О. Абышеванын жетекчилиги алдында; • Мамасалиева Диана — О. Кадырованын жетекчилиги алдында; • Ысманова Зейнеп — М. Жарматованын жетекчилиги алдында; • Сайдаматова Нурай — ф.и.к. В. Калматованын жетекчилиги алдында; • Абдуманап кызы Айзада — Н. Темированын жетекчилиги алдында; • Жусупмаматова Асема — А. Аскарованын жетекчилиги алдында; • Сарабекова Толгонай — Садык кызы Жаңылмырзанын жетекчилиги алдында. Студенттердин баяндамалары конференциянын катышуучулары тарабынан жогору бааланып, актуалдуу темалар боюнча мазмундуу талкуулар жүргүзүлдү. Иш-чара жаш изилдөөчүлөрдүн илимий изденүүсүн өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашуусуна жана чыгармачылык потенциалын арттырууга өбөлгө түздү.