2026-05-30 06:03:16 32
2026-жылдын 24-мартында Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинин Филологиялык дисциплиналар циклдик комиссиясынын окутуучусу Абдыкадырова Уулкан «L: A House with a History. Gr: There is/There are, Some/Any + Plural Nouns» темасында ачык сабак өттү. Сабактын негизги максаты студенттердин англис тилиндеги сөз байлыгын кеңейтүү, тарыхы бар үй тууралуу маалымат берүү менен бирге there is/there are грамматикалык түзүлүштөрүн жана some/any сөздөрүнүн көптүк түрдөгү зат атоочтор менен колдонулушун өздөштүрүү болду. Сабак заманбап окутуу технологияларынын негизинде уюштурулуп, активдүү жана интерактивдүү усулдар натыйжалуу колдонулду. Окутуучу студенттердин сабакка болгон кызыгуусун арттыруу максатында жуптук жана топтук иштерди, суроо-жооп, талкуу жана практикалык тапшырмаларды кеңири пайдаланды. Ачык сабактын жүрүшүндө студенттер жаңы теманы өздөштүрүп, грамматикалык түзүлүштөрдү сүйлөө жана жазуу иштеринде туура колдонуу боюнча көндүмдөрүн бекемдешти. Катышкан окутуучулар сабактын усулдук деңгээлине оң баа берип, окутуучунун педагогикалык чеберчилигин жана сабакты уюштуруудагы чыгармачыл мамилесин белгилешти.