2026-05-30 06:01:21 31
2026-жылдын 18-мартында Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинин Филологиялык дисциплиналар циклдик комиссиясынын окутуучусу тарабынан «Кызыктуу сабактар» аттуу усулдук семинар уюштурулду. Семинардын жүрүшүндө заманбап билим берүү процессинде колдонулуп жаткан активдүү, интерактивдүү жана коммуникативдик окутуу методдору тууралуу кеңири маалымат берилип, алардын сабактын натыйжалуулугун жогорулатуудагы орду көрсөтүлдү. Ошондой эле катышуучуларга окуу процессин кызыктуу жана эффективдүү уюштуруунун жолдору, студенттердин сабакка болгон кызыгуусун арттыруучу ыкмалар боюнча практикалык сунуштар сунушталды. Иш-чаранын жүрүшүндө окутуучулар өз ара тажрыйба алмашып, билим берүүдөгү инновациялык усулдарды колдонуу боюнча пикирлерин бөлүшүштү. Семинар интерактивдүү форматта өтүп, катышуучулардын активдүү талкуусу менен коштолду. Семинардын жыйынтыгында катышуучулар иш-чаранын мазмундуулугун жана практикалык маанисин белгилешип, алынган маалыматтар кесиптик ишмердүүлүктө натыйжалуу колдонуларын белгилешти. Семинар жогорку уюштуруучулук деңгээлде өтүп, катышуучулар үчүн пайдалуу жана жемиштүү болду.