2026-05-26 09:01:57 89
«ТАЗА СЕССИЯ — АК НИЕТ БИЛИМДИН ЖАНА ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕКТИН КЕПИЛИ!» 2026-жылдын 20–22-май күндөрү ИПКнын 38-аудиториясында “Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин бүтүрүүчү курсунун кыргыз жана орус тайпаларынын студенттери арасында “Таза сессия – жаркын келечек!” аттуу антикоррупциялык жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага жалпы 220 студент катышты. Жыйындын негизги максаты — студенттер арасында антикоррупциялык маданиятты калыптандыруу, академиялык ак ниеттүүлүктү бекемдөө жана студенттердин укук-милдеттери боюнча маалымат берүү болду. Иш-чаранын күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды: • антикоррупция боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү; • студенттердин укуктары жана милдеттери тууралуу маалымат берүү; • академиялык ак ниеттүүлүк жана жоопкерчилик маселеси; • ар түрдүү маселелер. Жыйындын жүрүшүндө төрага К. Байгазиев сөз сүйлөп, коррупциянын коомго жана билим берүү системасына тийгизген терс таасирлери тууралуу кеңири маалымат берди. Презентация аркылуу коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, таза билим берүү чөйрөсүн түзүү жана адилеттүү баалоону камсыз кылуу маселелери түшүндүрүлдү. Ошондой эле студенттерге академиялык ак ниеттүүлүктүн принциптерин сактоо, мыйзамдуулукту урматтоо жана жоопкерчиликтүү болуу ар бир студенттин негизги милдети экендиги белгиленди. Жыйындын соңунда катышуучулар өз ойлорун билдирип, кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Иш-чара студенттердин укуктук аң-сезимин жогорулатууга жана коррупцияга каршы туруктуу көз карашты калыптандырууга багытталды.