2026-05-26 08:27:53 47
2026-жылдын 17-май күнү Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен DemRun тарабынан уюштурулган “AK BUURA RUN 2026” аттуу массалык марафон болуп өттү. Иш-чара Токтогул паркында өткөрүлүп, ага Ош шаарынан гана эмес, Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан жана чет мамлекеттерден келген 200дөн ашуун катышуучу катышты. Марафонго Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучулары да активдүү катышып, жогорку жыйынтыктарды көрсөтүшүп, белектерге жана медалдарга ээ болушту. Иш-чара сергек жашоо образын жайылтуу, спортко болгон кызыгууну арттыруу жана коомдук ынтымакты бекемдөө максатында достук жана көтөрүңкү маанайда өттү.