«УЛУТТУК АДАБИЯТ — УЛУТТУН УҢГУЖОЛУ, РУХАНИЙ ДҮЙНӨНҮН ТҮБӨЛҮК БАЙЛЫГЫ!»

2026-05-26 08:23:21 60

Филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучулары Г. Акишова, Н. Темирова жана К. Коңурбай кызы Т. Сатылганов атындагы облустук китепкана тарабынан 12-декабрь — Улуттук адабият күнүнө карата уюштурулган «Уңгужолдун учугун улуттук адабияттын табалы» аттуу маданий иш-чарага колледждин КК9-5-23, СРс9-1-25, ДК9-1-24 тайпаларынын студенттери менен биргеликте катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук адабиятты даңазалоо, көркөм мурастарды жайылтуу жана жаштардын руханий дүйнөсүн байытуу багытында мазмундуу баяндамалар жана чыгармачылык номерлер тартууланды. Мындан тышкары, циклдык комиссиянын окутуучусу Г. Акишовага Ыраазычылык кат тапшырылып, ИПКнын студенттери тарабынан даярдалган атайын көркөм номерлер жогорку деңгээлде аткарылып, катышуучулар дипломдор менен сыйланышты.