Бүгүн 18-май 2026 жылы— Эл аралык музей күнү алкагында

2026-05-19 08:36:23 36

Бүгүн 18-май 2026 жылы— Эл аралык музей күнү алкагында Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинин доценттери Г.А. Анарбаева, Г.Б. Түмөнбаева жана окутуучулар М.А. Жумаев, А.Ж. Абдалимовалар тарабынан студенттердин руханий-маданий аң-сезимин өнүктүрүүгө багытталган таалим-тарбиялык иш-чара уюштурулду. Иш-чаранын алкагында колледждин 1-курсунун 51 студенти Өзгөн шаарында өткөрүлгөн эл аралык музей көргөзмөсүнө катышып, тарыхый-маданий мурастар менен жакындан таанышышты. Көргөзмөгө Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн алып келинген баалуу экспонаттар коюлуп, Казакстандын музей жетекчилери тарабынан Ахмет Ясавинин руханий мурасы тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө концерттик программа уюштурулуп, музыкалык ырлар жаңырып, улуттук оюн-зооктор көрсөтүлдү. Бул маданий программа студенттерге өзгөчө маанай тартуулап, ар улуттун маданияты менен өнөрүн жакындан таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Мындай маданий-таалимдик иш-чаралар жаштардын тарыхка болгон кызыгуусун арттырып, улуттук баалуулуктарды урматтоого, руханий дүйнөсүн байытууга жана эл аралык достук мамилелерди чыңдоого чоң салым кошот.