2026-05-16 05:09:35 22
2026-жылдын 14-май күнү Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинин Программалоо предметтик циклынын окутуучулары — Аттокурова Анара, Алайбек кызы Агерим, Турсунбаев Элижан жана Кенжебай уулу Баяман тарабынан Араван районундагы №5 Төлөн Исмаилов атындагы, №15 Захриддин Мухаммед Бабур атындагы мектептерде жана “Илим-Билим” академиясында кесипке багыт берүү иш-чаралары уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты — 9–11-класстын окуучуларына заманбап кесиптер тууралуу кеңири маалымат берүү, алардын келечектеги кесип тандоосуна багыт көрсөтүү жана маалыматтык технологиялар тармагына болгон кызыгуусун арттыруу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө окутуучулар колледждеги адистиктер, окуу процесси, студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр жана программалоо тармагынын бүгүнкү күндөгү актуалдуулугу тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле IT тармагындагы жаңы тенденциялар, программалоонун келечеги жана заман талабына ылайык адистерге болгон суроо-талап жөнүндө түшүндүрмөлөр айтылды. Окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, адистик тандоо, окууга тапшыруу жана келечектеги кесиптик мүмкүнчүлүктөр боюнча пайдалуу маалыматтарды алышты. Иш-чара өз ара жылуу пикир алышуу жана жандуу баарлашуу форматында өтүп, катышуучулар үчүн өзгөчө пайдалуу болду.