2026-05-14 18:54:08 28
2026-жылдын 23-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучусу, Евразиялык педкеңештин насаатчысы Досматова Жамиля Нышановна Москва шаарында өткөн «Евразия — салттуу баалуулуктардын аймагы» аттуу эл аралык форумга катышты. АНО «Евразия» уюмунун эки жылдыгына арналган форум Россиянын борборунда уюштурулуп, ага дүйнөнүн 33 өлкөсүнөн 800дөн ашуун эксперт катышты. Иш-чаранын алкагында салттуу баалуулуктарды сактоо, маданий кызматташтыкты өнүктүрүү, орус тилинин өз ара түшүнүшүүдөгү орду, медиа мейкиндигинин таасири жана тарыхый чындыкты коргоо маселелери талкууланды. Россия Федерациясынын Президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков АНО «Евразия» уюмунун ишмердүүлүгүнө жогору баа берип, долбоорго дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн 120 миңден ашуун адам катышып жатканын белгиледи. Форумга катышкан насаатчылар өз мектептерине, колледждерине жана жогорку окуу жайларына кайтып барып, жаш муундарга диалог маданиятын, салттарды урматтоону жана биримдиктин баалуулугун жайылтышат. Досматова Жамиля Нышановнанын форумга катышуусу эл аралык билим берүү байланыштарын бекемдөөгө жана тажрыйба алмашууга чоң салым кошот.