Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинин Башталгыч класстарда окутуу адистигинин 9-база, 3-курсунун КТБ9-1-23 агымынын студент-практиканттары

2026-05-14 16:42:54 41

Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинин Башталгыч класстарда окутуу адистигинин 9-база, 3-курсунун КТБ9-1-23 агымынын студент-практиканттары №84 А. Парпиев атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемесинде мамлекеттик практиканы өтөө мезгилинде көркөм өнөр предметинен “Жаз мезгили” аталышындагы сүрөт конкурсун жогорку деңгээлде өткөрүштү. Сүрөт конкурсуна катышкан окуучулардын эмгектерин баалоо үчүн төмөнкү курамдагы калыстар тобу баалады: 1. Анарбаева Гүлназ Араповна — ИПКнын гуманитардык-педагогикалык бөлүмүнүн башчысы, т.и.к., доцент; 2. Шакиров Касымбек Абдиллаевич — ИПКнын кесиптик дисциплиналардын предметтик циклдык комиссиясынын төрагасы, доцент; 3. Самидинова Гүлзат — КДПЦКнын окутуучусу. Сүрөт конкурсуна 2(12)-, 3-, 4-класстардын окуучулары катышып, пейзаж жанрында ар түрдүү көркөм каражаттарды колдонуу менен сүрөттөрдү тартышып, өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Конкурстун жыйынтыгында жеңүүчүлөр грамоталар менен сыйланып, мектеп жетекчилиги тарабынан ыраазычылык билдирилди.