КОНОК ЛЕКЦИЯ – БИЛИМДИ ТЕРЕҢДЕТҮҮНҮН ЖАҢЫ БАСКЫЧЫ

2026-05-14 16:37:40 28

2026-жылдын 30-март күнү Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинде Программалоо предметтик циклы тарабынан студенттердин кесиптик билим деңгээлин жогорулатууга багытталган маанилүү конок лекция уюштурулду. Иш-чараны СУБД дисциплинасынын окутуучулары Аттокурова Анара жана Акназарова Сүйүмкан демилгелеп өткөрүштү. Конок лекция 230109 «Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо» (ПОВТАС) адистигинин 3-курс студенттерине арналды. Лекцияга Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин улук окутуучулары Адылова Эльмира Садыкжановна жана Ормонова Элнура Маматкадыровна чакырылып, өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Лекциянын темасы «Visual Studio Code программасында SQL чөйрөсүн орнотуу жана конфигурациялоо» болуп, анын алкагында студенттерге SQL серверин орнотуу, программалык чөйрөнү туура конфигурациялоо, Visual Studio Code менен байланыш түзүү жана маалымат базаларын башкаруу системалары боюнча практикалык иштерди аткаруунун заманбап ыкмалары кеңири түшүндүрүлдү. Иш-чара интерактивдүү форматта уюштурулуп, студенттер активдүү катышуу менен өздөрүн кызыктырган суроолорго кеңири жооп алышты. Практикага багытталган мындай жолугушуулар студенттердин теориялык билимдерин бекемдеп гана тим болбостон, алардын келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө керектүү болгон практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө да чоң өбөлгө түздү. Аталган конок лекция билим берүү процессинде тажрыйба алмашууну күчөтүп, студенттердин маалыматтык технологиялар жана СУБД тармагына болгон кызыгуусун арттырган маанилүү иш-чаралардын бири болду.