ОШ ШААРЫНДАГЫ КОЛЛЕДЖДЕР АРАСЫНДА ӨТКӨРҮЛГӨН II АЙМАКТЫК ОЛИМПИАДА

2026-05-10 17:39:33 99

2026-жылдын май айында Мурас инновациялык колледжинин күнүнө карата Ош шаарындагы колледждер арасында өткөрүлгөн II аймактык олимпиада ийгиликтүү жыйынтыкталды. Олимпиада «Эне тили» жана «Родной язык» предметтери боюнча уюштурулуп, студенттер өз билимдерин жана жөндөмдөрүн мыкты деңгээлде көрсөтө алышты. Иш-чаранын негизги максаты — мамлекеттик жана эне тилге болгон кызыгууну арттыруу, студенттердин интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү жана колледждер аралык достук байланышты чыңдоо болду. Олимпиада жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар активдүүлүк менен катышышты. «Эне тили» предмети боюнча жыйынтыктар: 4-орун — ИПКнын студенти Сарабекова Толгонай окутуучусу Садык кызы Жанылмырза «Родной язык» предмети боюнча жыйынтыктар: 2-орун — ИПКнын студенти Мурадбекова Гүлчехра окутуучусу Шаимкулова Өмүркан 3-орун — ИПКнын студенти Исмаилова Тахмина Асанбаева Бермет Жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты. Олимпиада студенттердин билимге болгон умтулуусун арттырып, эне тилдин кадыр-баркын көтөрүүгө чоң салым кошту.