5Е моделин сбакта колдонуу боюнча мастер класс

2026-03-19 10:43:17 3

Академиялык мобилдүүлүктун алкагында 2026-жылдын 27-февраль күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин кесиптик колледжинде ИПКнын окутуучулары Байыева К., Юсупова М., Маматова А.5Е моделин математика сабагында колдонуу боюнча мастер класс өтүштү Иш-чаранын максаты — билим берүү процессинде инновациялык ыкмаларды колдонуу жана 5Е (Engage, Explore, Explain, Elaborate, Evaluate) моделин математика сабагына интеграциялоо аркылуу студенттердин активдүүлүгүн жана аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү болду. Мастер-класстын жүрүшүндө 5Е моделинин теориялык негиздери түшүндүрүлүп, сабактын этаптары конкреттүү мисалдар менен көрсөтүлдү. Ошондой эле интерактивдүү ыкмалар сунушталып, студенттер менен талкуу уюштурулду. Мындай иш-чаралар окуу жайлар ортосундагы кызматташууну чыңдап, сапаттуу билим берүүгө жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөт.