5Е моделин математика сабагында колдонуу

2026-03-19 10:14:38 4

Академиялык мобилдүүлүктун алкагында 2026-жылдын 4-март күнү Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинде ИПКнын окутуучулары Байыева К., Юсупова М., Маматова А.5Е моделин математика сабагында колдонуу боюнча мастер класс өтүштү Иш-чаранын максаты — билим берүү процессинде инновациялык ыкмаларды колдонуу жана 5Е (Engage, Explore, Explain, Elaborate, Evaluate) моделин математика сабагына интеграциялоо аркылуу студенттердин активдүүлүгүн жана аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү болду. Мастер-класстын жүрүшүндө 5Е моделинин теориялык негиздери түшүндүрүлүп, сабактын этаптары конкреттүү мисалдар менен көрсөтүлдү. Ошондой эле интерактивдүү ыкмалар сунушталып, студенттер менен талкуу уюштурулду. Мындай иш-чаралар окуу жайлар ортосундагы кызматташууну чыңдап, сапаттуу билим берүүгө жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөт.