2026-03-19 07:56:49 33
2026-жылдын 19-март күнү 1-курс студенттери менен «Кыргызстандын тарыхы» сабагынын алкагында Сары-Мазар тарыхый көрүстөнүнө таанып-билүү максатындагы тарбиялык-агартуу иш-чарасы Коомдук илимдер жана АЧДББ циклынын башчысы,доцент Г.Б. Тумонбаева тарабынан уюштурулду. Бул иш-чара студенттердин улуттук тарыхка болгон кызыгуусун арттыруу, ата-бабалардын мурасын урматтоого тарбиялоо жана руханий баалуулуктарды бекемдөө максатын көздөдү. Сары-Мазар — Ош шаарынын четинде жайгашкан тарыхый көрүстөн болуп, Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. Бул жерде кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлери — Алымбек датка (1799–1862) жана «Алай ханышасы» Курманжан датка (1811–1907) жерге берилген. Алардын күмбөздөрү бүгүнкү күндө улуттук тарыхый эстелик катары бааланып, элдин эсинде улуу мурас катары сакталууда. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер аталган инсандардын өмүр жолу, саясий ишмердүүлүгү жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына кошкон салымы тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле күмбөздөргө барып, куран окулуп, тарыхый инсандардын арбагына урмат көрсөтүлдү. Бул сапар студенттер үчүн тарыхый билимди практикалык негизде бекемдөөгө, улуттук аң-сезимди калыптандырууга жана ата-бабалардын руханий мурасын терең түшүнүүгө өбөлгө түзүлдү.