17.03.2026-жыл мөөнөтүндө ОшМУнун ЭАББП колледжинде КИ жана АЧДББ ПЦКсынын окутуучусу

2026-03-19 04:16:56 6

17.03.2026-жыл мөөнөтүндө ОшМУнун ЭАББП колледжинде КИ жана АЧДББ ПЦКсынын окутуучусу, камдагы полковник Абдибаитов М.Т., бекитилген пландын негизинде “Рота боюнча эшик сакчынын аракеттери” деген темада АЯС-9-1-25 тайпасына ачык сабак өткөрүлдү. Ачык сабакка ОшМУнун ЭАББП колледжинин ОУК төрайымы Жумабаева А.Т., ЭАББП колледжинин окуу иштери боюнча директордун орун басары Нишанов Ч.Б., колледждин методистти Насирова А.Н., КИ жана АЧДББ ПЦКсынын окутуучулары Солтоев З.А., Садыкова М.Б., Ормоналиев К.О., Абдрахманова А.А, Төлөбаев П. А., Жоробаев Б.Ш., жана ФЮКтун окутуучусу Арыков А., №16 кесиптик лицейдин АЧД мугалими Асанбаев А.Т., Ыйман лицейинин АЧД мугалими Иматов Б., катышышты. Сабак өз убагында башталып уюштуруу моменти сакталды. Аудитория көрсөтмө куралдар, электрондук доска менен жабдылган жана сабак учурунда пайдаланылды. Студенттердин сабакка катышуусу активдүүлүк менен коштолду. Практикалык сабак КТПга дал келет. Окутуучу классикалык жана жаңы усулдук методдорду сабак учурунда колдонду жана аудитория менен байланышта болду. Студенттер суроо жоопторду берип, кызыгуу менен активтүү катышты. Жыйынтыгында: Сабак өз максатына жетти.