ОшМУ жана ЖАМУ арасында ОКББ багытындагы Социалдык иштер адистигинин окутуучулары тарабынан 18-март

2026-03-19 04:14:12 4

ОшМУ жана ЖАМУ арасында ОКББ багытындагы Социалдык иштер адистигинин окутуучулары тарабынан 18-март Индустриалдык-педагогикалык колледждинде 040101-Социалдык иштер адистигинин студенттери үчүн Онлайн конок- лекция өткөрүлдү. Иш-чара ЖАГУнун Социалдык иштер адистигинин окутуучусу Анарбай кызы Айтбү тарабынан «Билим берүү мекемелериндеги социалдык иш тажрыйбалар» дисциплинасынын алкагында уюштурулду. Лекция «Атайын мектеп-интернаттарындагы социалдык иштер» темасына арналып, анда студенттерге бул тармактагы социалдык иштин өзгөчөлүктөрү, балдарды колдоо жана алардын коомго ыңгайлашуусуна көмөк көрсөтүү жолдору тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле практикалык мисалдар аркылуу социалдык кызматкердин ролу жана жоопкерчилиги талдоого алынды. Сабакка окутуучу Темирова Кызжибек Кудайбергеновна катышып, теманы тереңдеткен кошумча түшүндүрмөлөрдү берип, өзүнүн кесиптик тажрыйбасы менен бөлүштү. Натыйжада лекция мазмундуу жана кызыктуу кош лекция форматында өттү. Студенттер активдүү катышып, талкууга аралашып, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Мындай иш-чаралар студенттердин практикалык билимдерин кеңейтүүдө жана кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууда маанилүү орунга ээ.