Бүгүн, мобилдүүлүк алкагындагы окуу графигине ылайык

2026-03-19 04:12:57 4

ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинде Бүгүн, мобилдүүлүк алкагындагы окуу графигине ылайык, 207-конференц залда 3-курстун студенттери үчүн 4-парада онлайн форматта конок лекция өткөрүлдү. Лекцияны ЖАМУнун Социалдык иштер ПЦК жетекчиси, тажрыйбалуу окутуучу Сатымкулова Наргиза Надырбековна алып барды. Лекциянын темасы: «Социалдык иштердеги жекече сүйлөшүүлөр жана ортомчулук». Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер социалдык кызмат көрсөтүүдө кардар менен жекече иш алып баруунун өзгөчөлүктөрү, эффективдүү коммуникация ыкмалары, ошондой эле ортомчулук (медиация) процесси тууралуу кеңири маалымат алышты. Лектор практикалык мисалдар аркылуу конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу, тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу жана конструктивдүү чечимдерди табуу жолдорун түшүндүрдү. Лекция интерактивдүү форматта өтүп, студенттер активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Мындай иш-чаралар болочок социалдык кызматкерлердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууда маанилүү роль ойнойт. Студенттер тарабынан лекторго ыраазычылык билдирилип, мындан аркы кызматташтыкты улантуу ниети белгиленди.