«Заманыбыздын шыктандыруучу айымдары»

2026-03-05 03:03:51 7

«Заманыбыздын шыктандыруучу айымдары» 8-март Эл аралык аялдар күнүнүн алдында Эл аралык билим берүү программалар колледжинде «Заманыбыздын шыктандыруучу айымдары» аттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Жолугушуунун негизги максаты — студенттерде заманбап илимий жана билим берүү мейкиндигинде аялдардын ролу тууралуу түшүнүк калыптандыруу, ошондой эле жогорку билим берүү жана илим тармагындагы кесиптик жетишкендиктерди даңазалоо болду. Тематикалык жолугушуунун коноктору болуп Б.К. Укуева — педагогика илимдеринин доктору, профессор, «Манас» жана Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук академиянын академиги; Г.А. Анарбаева — тарых илимдеринин кандидаты, доцент, ИПК бөлүмүнүн башчысы; Ф.Н. Дейдиева — педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, педагогика жана психология ПЦКсынын башчысы; Г.Б. Тумонбаева — социология илимдеринин кандидаты, доцент, коомдук илимдер жана аскерге чейинки даярдоодо билим берүү ПЦКсынын башчысы болушту. Алардын жетишкендиктери максатка умтулуу, эмгекчилдик жана өз ишине берилгендиктин айкын үлгүсү болуп саналат. Жылуу жана достук маанайдагы жолугушууда коноктор өздөрүнүн кесиптик калыптануу тарыхы менен бөлүшүп, өмүр жолун тандоодогу тажрыйбалары тууралуу айтып беришти жана алдыга коюлган максаттарга жетүүгө жардам берген сапаттар жөнүндө ой бөлүшүштү. Иш-чара майрамдык маанай менен катар тажрыйба алмашуу жана мотивация берүү үчүн маанилүү аянтча болду. Студенттер суроолорун берип, кесиптик өсүү мүмкүнчүлүктөрү, карьера менен жеке жашоонун тең салмактуулугу тууралуу кеңири маалымат алышты. Жолугушуу ийгилик - бул тынымсыз эмгектин, өзүнө болгон ишенимдин жана билимге умтулуунун жыйынтыгы экенин дагы бир ирет далилдеди. Өткөрүлгөн иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, мазмундук жана тарбиялык жактан терең мааниге ээ болду. Иш-чара коомдук илимдер жана аскерге чейинки даярдоодо билим берүү ПЦКсынын окутуучулары Төлөбаев П,Абдыбаитов М,Жоробаев Б,Ормоналиев К,М.Т. Сыдыкова, А.Т. Ормонова, Солтоев З,А.А. Абдрахманова тарабынан уюштурулду.