2026-03-05 03:03:03 6
3-март 2026-жылы Эл аралык билим берүү программалары колледжинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туунун кабыл алынган күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты студенттерде мамлекеттик символдорго урмат-сый мамилени калыптандыруу, жарандык позицияны бекемдөө жана патриоттук тарбия берүү болду. ЭАББП колледжинин директору Ромашов К.А. салтанаттуу иш чараны ачып,мугалимдерди,студенттерди Мамлекеттик туу күнү менен куттуктап,майрамдык иш чараны ачып берди. Иш чаранын жүрүшүндө «Коомдук илимдер жана АЧД » билим берүү ПЦкасынын мугалими Ормоналив К. студенттерге Мамлекеттик туунун кабыл алынуу тарыхы, анын символикасы жана өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн жана көз карандысыздыгынын эң маанилүү белгиси катары мааниси тууралуу маалымат берилди.. Мындай иш-чараларды өткөрүү жарандык маданиятты өнүктүрүүгө жана өлкөнүн тарыхына жана келечегине таандык экенин сезүү сезимин бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Иш-чара коомдук илимдер жана аскерге чейинки даярдоодо билим берүү ПЦКнын окутуучулары тарабынан даярдалды. ( Төлөбаев П,Абдибаитов А,Жоробаев Б,Ормонова А,Ормоналиев К,Садыкова М,Солтоев З,Абдырахманова А)