2026-02-27 04:06:51 78
2026-жылдын 25-февралында Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) улуу ойчул, акын жана мамлекеттик ишмер Жусуп Хас Хажиб Баласагындын туулгандыгынын 1010 жылдыгына арналган «Борбордук Азия элдеринин өнүгүүсүндөгү байыркы кол жазмалар жана алардын эл аралык деңгээлдеги ролу: тил, адабият, маданият жана билим берүү маселелери (XI–XXI кылымга чейин)» аттуу эл аралык илимий-теориялык конференция өткөрүлдү. Аталган илимий иш-чарага ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин доценттери Г.А. Анарбаева, Т.Г. Тумонбаева, А.Д. Ызабекова, В. Калматова жана окутуучулар Г.К. Самидинова, А.Б. Асанбаева, Н. Эргешова, А.Ж. Абдалимова, У. Аматова активдүү катышышты. Конференциянын алкагында секциялык жыйындар уюштурулуп, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан республикаларынан келген окумуштуулардын баяндамалары угулду. Илимий талкууларда байыркы кол жазмалардын тарыхый-маданий мурастагы орду, алардын тил, адабият, маданият жана билим берүү тармактары менен болгон байланышы кеңири каралып, актуалдуу маселелер боюнча мазмундуу пикир алышуулар жүргүзүлдү. ИПКнын окутуучулары жана доценттери өздөрүнүн илимий баяндамалары менен чыгып, жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын сунушташты. Ошондой эле доценттер Г.А. Анарбаева жана Т.Г. Тумонбаева секциялык жыйындардын модераторлору катары иш алып барып, конференциянын жогорку деңгээлде уюштурулуп өтүшүнө өз салымдарын кошушту. Конференциянын жыйынтыгында илимий кызматташууну чыңдоо, байыркы кол жазмаларды ар тараптуу изилдөө жана алардын билим берүү процессиндеги колдонулушун кеңейтүү боюнча сунуштар камтылган резолюция кабыл алынды. Иш-чаранын соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Мындай эл аралык деңгээлдеги илимий иш-чаралар тарыхый-маданий мурастарды изилдөөгө өбөлгө түзүп, окумуштуулар ортосундагы илимий байланыштарды бекемдөөгө жана жаңы изилдөөлөрдүн өнүгүшүнө кеңири мүмкүнчүлүк берет.