2026-02-26 05:52:26 5
Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары Венера Сабирова менен Гүлсара Ерназарова Санкт-Петербург шаарында өткөн эл аралык кышкы мектепке катышышты. Бир жумалык тренингге сегиз мамлекеттен келген 46 орус тили адиси катышып, «Көп маданияттуу чөйрөдө орус тилин жана адабиятын окутуу» багыты боюнча билим алышты. Программа көп улуттуу аудиторияда заманбап окутуу ыкмаларын өздөштүрүүгө багытталды.Иш-чаранын алкагында лекциялар, мастер-класстар жана практикалык сабактар уюштурулуп, орус тилин окутуунун натыйжалуу ыкмалары, интерактивдүү форматтар жана окуучулардын кызыгуусун арттыруу жолдору талкууланды. Маданий программада катышуучулар шаардын тарыхый жайлары, XX кылым музейи жана улуу акын Александр Пушкиндин үй-музейиндеги түп нуска кол жазмалар менен таанышып, Фонтанка жээгиндеги Жаштар театрында спектакль көрүштү. Эл аралык кышкы мектеп окутуучулардын кесиптик чеберчилигин өркүндөтүүгө жана алынган тажрыйбаны окуу процессине ийгиликтүү киргизүүгө мүмкүнчүлүк түздү.