«Агартуучулук – Айтматов ааламындагы бийик символ» аттуу адабий-музыкалык кече өткөрүлдү

2026-02-23 04:14:15 5

2025-жылдын 18-декабрь күнү Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинде Улуттук адабият күнүнө карата «Агартуучулук – Айтматов ааламындагы бийик символ» аттуу адабий-музыкалык кече болуп өттү. Иш-чара улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын даңазалоого жана анын руханий мурасын кеңири жайылтууга арналды. Иш-чарага ОшМУнун Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, п.и.к., доцент Шарипова Мастура Сайпидиновна, ошондой эле колледждин окутуучулары катышты. Кечеде студенттер жазуучунун чыгармаларынан көркөм үзүндүлөрдү аткарып, музыкалык номерлерди тартуулап, Айтматов ааламындагы гуманизм, агартуучулук жана адамзаттык баалуулуктарды даңазалашты. Иш-чарага катышкан студенттер жана окутуучулар ыраазычылык каттар менен сыйланышты.