ҮЧ ТИЛДЕ ОКУУ-БИР МАКСАТТА ӨНҮГҮҮ

2026-02-23 03:47:16 100

2025-жылдын 17-декабрында Улуттук адабият күнүнө карата улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча китеп окуу сынагы өткөрүлдү. Сынак үч тилде уюштурулуп, катышуучулар «Кызыл алма» чыгармасын кыргыз тилинде даярдаган окутуучулар Батыров Насыр, Кадырова Орозгүл, Сайпидинова Элиза, «Чыңгыз хандын ак булуту» чыгармасын орус тилинде даярдаган окутуучулар Абдираимов Акболуш, Эргешова Нурзат жана «Ак кеме» повестин өзбек тилинде даярдаган окутуучулар Сайдрахимов Кудрат, Хамидова Махпырат эжекелер даярдап билим деңгээлин сынашты. Иш-чара эки этаптан — тест жана жазуу ишинен турду. Студенттер сынакка жигердүү катышып, өздөрүнүн адабий даярдыгын жана чыгармачылык жөндөмүн көрсөтө алышты. Жыйынтыгында 1-, 2-, 3-орунду ээлеген студенттер дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты. Иш-чара филологиялык дисциплиналар циклдик комиссиясы тарабынан уюштурулду.