2026-02-19 06:22:13 25
Урматтуу студенттер! Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжи 9-класстын базасында кабыл алынган 1-курстун студенттеринин арасында математика предмети боюнча олимпиаданын 3-турун уюштуруп жаткандыгын билдирет. Олимпиаданын максаты — студенттердин логикалык ой жүгүртүүсүн, математикалык билим деңгээлин жогорулатуу жана таланттуу жаштарды аныктоо. Катышуучулар: 9-класстын базасында кабыл алынган колледждин 1-курсунун студенттери Форматы: Жеке таймаш Өтүлүүчү күнү: 27-февраль 2026-жыл Өтүлүүчү жайы: Индустриалдык-педагогикалык колледжинин концерттик залы ОшМУнун колледждик деңгээлиндеги олимпиададан 1-2-3-орундарды ээлеген студенттерин активдүү катышууга чакырабыз! Өз билимиңизди сынап, жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүк алыңыз! Сиздерди күтөбүз! Олимпиадада 1-2-3-орундарды ээлеген студенттер дипломдор менен сыйланышат жана олимпиаданын кийинки туруна жолдомо алышат. Олимпиаданын кийинки туру март айында, Ош шаарындагы колледждер арасында өткөрүлөт.