2026-02-18 04:25:33 72
2026-жылдын 14-февралында Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинин «КР(экс.)-1-24» тайпасынын 2-курсунун студенти Баратова Мохидил тайпа куратору Б.Асанбаеванын жетекчилиги астында билим берүү программасына катышуу үчүн Кара деңиз жээгиндеги Ялта шаарына жакын жайгашкан «Артек» эл аралык балдар борборуна жөнөп кетти. Бул жетишкендиги менен студентти чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ага жаркын таасирлерди, жаңы билимдерди, чыгармачылык ийгиликтерди жана жогорку жетишкендиктерди каалайбыз. Бул сапар жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачып, келечектеги жеңиштерге жана кесиптик өсүүгө карай маанилүү кадам болсун!