ИПКнын жалпы окутуучулар жамааты үчүн маанилүү жолугушуу өттү!

2025-11-22 07:55:01 40

ИПКнын жалпы окутуучулар жамааты үчүн маанилүү жолугушуу өттү! Бүгүн, 18-ноябрь, Коомдук илимдер жана АЧД билим берүү циклинин окутуучулары Чутбаев Алымжан, Закирова Айзада жана Нурбаев Эрмек тарабынан студенттер арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууда: • студенттердин коопсуздугу • укуктук маданиятты жогорулатуу • кылмыштуулуктун алдын алуу механизмдери • жаштарга тиешелүү актуалдуу маселелер талкууланды. Бул иш-чара окутуучулар үчүн абдан пайдалуу болуп, жаңы маалыматтар менен тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түздү. Биз билим берүү чөйрөсүндө коопсуз, жоопкерчиликтүү жана ынтымактуу чөйрө түзүүгө багытталган аракеттерди уланта беребиз!