2025-11-19 13:15:40 30
2025-жылдын 10-ноябрында Филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучусу Садык кызы Жанылмырза КК9-1-24 агымында «Фонетика бөлүмүн жыйынтыктоо. Көнүгүү иштөө» деген темада ачык сабак өттү. Ачык сабак жогорку уюштуруучулук жана жакшы методикалык даярдыкта жүргүзүлүп, белгиленген максаттарга толук жетти. Сабактын жүрүшүндө студенттер фонетика боюнча негизги түшүнүктөрдү кайрадан талдап, практикалык көнүгүүлөрдү аткаруу аркылуу өз билимдерин бекемдеп, аналитикалык ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өркүндөтүштү.Окутуучу тарабынан колдонулган окутуу стратегиялары, дидактикалык материалдар жана санариптик ресурстар сабактын динамикалуу жана натыйжалуу өтүшүнө өбөлгө түздү. Студенттер теманы активдүү өздөштүрүп, өз ара пикир алмашуу, талдоо жана корутундулоо иштерине жигердүү катышты.