2025-11-19 12:48:42 47
Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинде “Кыргыз тили – билим, маданият жана илимдин тили” аттуу студенттердин II илимий-тажрыйбалык семинары уюштурулду. Иш-чарага ОшМУнун Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, пед.и.к., доцент Шарипова Мастура Сайпидиновна, ошондой эле Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы Анарбаева Гүлжамал Маматовна катышып, кыргыз тилин окутуунун заманбап ыкмалары, санариптештирүү шартында тилдин өнүгүү багыттары жана методикалык жаңылыктар боюнча баяндама жасашты. Пленардык жыйында студенттер тарабынан бир катар илимий баяндамалар сунушталып, алардын эмгектери жогору бааланды. Атап айтканда: Мухтаров Абдырасул – “Балдар бакчасында адеп-ахлактык мазмундагы чыгармаларды окутуунун өзгөчөлүктөрү”, Камбарова Угулай – “Кыргыз тилин экинчи тил катары башталгыч класстарга окутууда видеоматериалдар менен иштөө” аттуу баяндамалары менен активдүү катышып, ОшМУнун Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Шарипова Мастура Сайпидиновна тарабынан акчалай сыйлык менен сыйланышты. Жалпысынан 24 студент илимий жетекчилери менен бирге семинарга катышып, иш-чара эки секция боюнча уланды: 1-секцияда – кыргыз тилинин теориялык маселелери, аны окутуунун жарандык жана санариптик багыттары боюнча баяндамалар угулду; 2-секцияда – “Кыргыз тили – илимдин жана техниканын тили” аттуу багыттын алкагында гуманитардык илимдер, физика-математика, табигый жана инженердик-техникалык илимдер боюнча докладдар талкууланды. Илимий семинарды уюштурган ФДЦКнын окутуучуларына, ошондой эле Абдышова Зарина Абдиназаровна, Темирова Нурила Мусурмановналарга , ИПКнын директору Манашов Мирлан Эсенбаевич, Гуманитардык-педагогикалык бөлүмдүн жетекчиси Анарбаева Гүлназ Араповна жана ИПКнын илимий иштери боюнча жооптуу Түмөнбаева Гүлүмкан Байышовна тарабынан ыраазычылык билдирилип, студенттик илимий семинар мындан ары да үзгүлтүксүз улантылып, кыргыз тилин өнүктүрүүгө багытталган илимий-методикалык ишмердиктин кеңейишине өбөлгө болооруна ишеним артышып циклдын ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашты.