Өзбек маданияты ОшМУда

2025-11-13 07:11:47 63

Саамалык Өзбекстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугу менен биргеликте өткөрүлүүдө. Келген коноктор окуу жайдын башкы имаратында өзбек, кыргыз, казак жана түрк элдеринин колдонмо искусствосу, улуттук кийимдер, музыкалык аспаптар жана кол өнөрчүлүгү боюнча коюлган көргөзмөгө күбө болушту. Иш-чара “Адабият, искусство жана маданият – эки элдин жүрөгү” темасында улантылып, маданий жана илимий кызматташтык боюнча талкуулар, концерттик программа менен жыйынтыкталат. «Өзбек адабияты, искусствосу жана маданиятынын күндөрү» Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук жана маданий кызматташтыкты бекемдөө, эки элдин илим-билим, адабият, искусство жаатындагы байланышын чыңдоо максатында уюштурулган. Иш-чараны ОшМУдагы А.Навои атындагы өзбек тили, адабияты жана маданияты борбору демилгеледи.