АРДАК ГРАМОТА - АРАКЕТТИН АК СЫЙЛЫГЫ

2025-10-31 11:15:31 6

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Иновациялар департаменти жана Ош мамлекеттик университетинин профсоюз комитети тарабынан Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучусу Калматова Венера Маматбековна билим берүү жана илим тармагына кошкон зор салымы, коомдук иштерге активдүү катышуусу жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн «Ардак грамота» менен сыйланды. Венера Маматбековна билим берүү сапатын жогорулатууга, студенттердин өнүгүүсүнө жана колледждин коомдук жашоосуна активдүү салым кошуп келет. ИПКнын жана филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын жамааты Калматова Венера Маматбековнанын ишинде жаңы ийгиликтерди каалайбыз!