КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК БИРЛИГИНИН МЫКТЫСЫ

2025-10-31 08:23:36 7

Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучусу Мамасадыков Айбек Убраимжанович билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгеги, жоопкерчиликтүү мамилеси жана коомдук иштерге активдүү катышуусу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төш белгиси жана күбөлүгү менен сыйланды. Бул сыйлык окутуучунун кесиптик чеберчилигин жана эмгек жамаатындагы жогорку кадыр-баркын дагы бир жолу далилдейт. ИПКнын жана филилогиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын жамааты Айбек Убраимжановичти бул сыймыктуу жетишкендиги менен куттуктайт!