CURRICULUM GLOBALE ПРОГРАММАСЫНЫН АЛКАГЫНДА "ЧОҢДОРДУ ОКУТУУНУН МЕТОДИКАСЫ" БОЮНЧА СЕМИНАР

2025-10-23 10:14:10 7

2025-жылдын 13–18-октябры күндөрү Ысык-Көлдө DVV Эл аралык уюму менен Ош мамлекеттик университетинин кызматташуусунун алкагында Curriculum GlobalE программасынын алкагында «Чоңдорду окутуунун методикасы» боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү. Иш-чараны ОшМУнун улук окутуучулары Маматова Асылкан Алтыбаевна жана Абдышова Зарина Абдиназаровна алып барышты. Семинар учурунда окутуунун заманбап методдору жана ыкмалары боюнча кызуу талкуулар жүрүп, катышуучулар баалуу тажрыйбалар менен бөлүшүштү. DVV Эл аралык уюмуна жана анын менеджери Айнура Макебаевага колдоосу жана уюштуруудагы жардамы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.