ИННОВАЦИЯЛАР ЖАНА РЕФОРМАЛАР: КЫРГЫЗСТАНДАГЫ 12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫ

2025-10-21 13:43:25 17

2025-жылдын 17-октябрында Панфилов атындагы орто мектепте Ош шаарынын мектептеринин окуу бөлүмүнүн жетекчилери үчүн «Инновациялар жана реформалар: Кыргызстандагы 12 жылдык билим берүү системасы» аттуу семинар уюштурулду. Семинарда Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучусу Досматова Жамиля Нышановна билим берүү тармагындагы реформалардын өзөктүү багыттары, 12 жылдык билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрү жана анын мазмундук жаңылануулары тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле катышуучулар менен биргеликте окутуунун инновациялык ыкмалары, предметтик компетенциялар жана заманбап педагогикалык ыкмаларды киргизүү жолдору боюнча талкуу жүргүзүлдү.