2025-10-21 05:31:27 223
2025-жылдын 15-октябрында Ош мамлекеттик университетинде Өзбекстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугу менен биргеликте уюштурулган «Өзбек адабияты, искусствосу жана маданиятынын күндөрү» аттуу эл аралык маданий иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында өзбек, кыргыз элдеринин улуттук маданиятын, адабиятын, искусствосун жана кол өнөрчүлүгүн даңазалаган көргөзмөлөр уюштурулуп, эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгын чыңдоого багытталган талкуулар өткөрүлдү. Аталган иш-чарага ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин Филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучулары жана «Дил азык», «Ёш тилшунос» ийримдеринин студенттери активдүү катышып, ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты. Иш-чара Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук мамилелерди, маданий жана илимий байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган маанилүү эл аралык аянтча болду.