ЕСЕНИНДИН ЫРЛАРЫ АРКЫЛУУ МАДАНИЯТКА САЯКАТ

2025-10-18 16:57:03 18

2025-жылдын 17-октябрында Сергей Есениндин 130 жылдыгына арналган «Звени и пой, Есенинская Русь» аттуу шаардык иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучусу Досматова Жамиля Нишановна активдүү катышып, «Русский мир» Россия коомдук фондуна караштуу Орус борборунун Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул сыйлык ага иш-чарага болгон активдүү катышуусу, орус поэзиясына болгон сүйүүсү жана Есениндин чыгармаларын көркөм окуудагы чеберчилиги үчүн ыйгарылды. Иш-чара «Окуучулар лигасы» окурмандар клубунун алкагында өтүп, ага Ош шаарынын окутуучулары, студенттери жана орус адабиятынын күйөрмандары катышышты.