2025-10-17 04:06:14 18
2?025-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту жана Кыргыз улуттук «Манас» театры менен биргеликте Мамлекеттик тил күнүнө карата «Улуттук уңгудан глобалдык келечекке: “Манас” эпосу, тил жана түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын туруктуу өнүктүрүүдө жасалма интеллекттин ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык симпозиум өткөрүлдү. Иш-чара Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин уюштуруусу менен өтүп, ага Кыргызстандын орто жана жогорку окуу жайларынын, Өзбекстан, Казакстан жана башка бир катар өлкөлөрдүн илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты. Симпозиум учурунда катышуучулар «Манас» эпосунун дүйнөлүк маданий мурастагы орду, тил жана маданият аркылуу улуттук өзгөчөлүктү сактоо, ошондой эле жасалма интеллектти билим берүү жана илим тармагында колдонуу сыяктуу актуалдуу маселелерди талкуулашты. Иш-чаранын алкагында Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучулары З.А. Абдышова, К.М. Кожоева жана Д.А. Ызабекова баяндама жасап, симпозиумдун соңунда сертификаттар менен сыйланышты.