2025-09-22 06:21:48 36
2025-жылдын 19-сентябрында Филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын демилгеси менен 23-Сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чаралардын алкагында «Китеп окуу» сынагы уюштурулду. Сынак белгилүү акын Шайлообек Дүйшеевдин «Агындылар» чыгармасынын «Ак келин» бөлүмү боюнча өткөрүлүп, ага биринчи жана экинчи курстун студенттери активдүү катышышты. Жыйынтыгында төмөнкү студенттер жеңишке жетишти: 1-орун– Боронбай кызы Нигина 2-орун– Темирова Элиза 3-орун– Махаматова Нурсезим Бул иш-чара студенттердин көркөм чыгармаларды окууга болгон кызыгуусун арттырып, мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатууга багытталды.