23-СЕНТЯБРЬ-МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА ЖАТ ЖАЗУУ СЫНАГЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

2025-09-22 05:57:07 38

2025-жылдын 18-сентябрында Филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын демилгеси менен «Өз тилиңде сабаттуу бол» акциясынын алкагында Индустриалдык-педагогикалык колледждин окутуучулары арасында жат жазуу сынагы уюштурулду. Сынакка колледждин окутуучулары активдүү катышып, жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүштү. Натыйжада, «Эң жакшы» деген баага Жумаев Мурат Абдыраимович ээ болду. Иш-чара мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатууга, окутуучулардын тилдик компетенттүүлүгүн өркүндөтүүгө жана сабаттуулугун арттырууга багытталды.