2025-06-27 11:45:43 75
2025-жылдын 19–20-июнь күндөрү ОшМУнун Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда алгачкы PhD докторанттар илимий диссертацияларын ийгиликтүү коргошту. Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын белгилүү окумуштууларынан түзүлгөн эксперттик комиссиянын курамы докторанттардын илимий иштерине жогору баа берип, толук жактырышты. ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучусу Кожобекова Пардаз Жумабаевна 510100 – Математика” багыты боюнча “ Жылуулуктун чекиттик булагын башкаруу маселелери жана медицинада колдонулушу” деген темада илимий ишин коргоду. Кожобекова Пардаз Жумабаевнанын жетекчилери — ф.-м.и.д., профессор Турсунов Дилмурад Абдилажанович жана ф.-м.и.д., профессор, академик Отелбаев Мухтарбай Отелбаевич. Урматтуу Пардаз Жумабаевна! Сизге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана алдыда дагы көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз! Илимий изденүүңүз мындан ары да жемиштүү болуп, жаңы муундарды окутуп-тарбиялоодо таасирдүү үлгү боло бериңиз!