БИЛИМ" БЕРҮҮ БАРДЫГЫ ҮЧҮН:КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮДӨ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН РОЛУ" АТАЛЫШЫНДАГЫ ФОРУМ

2025-05-25 17:01:34 44

2024-2025 - окуу жылынын 16-октябрында “Билим берүү бардыгы үчүн: көп тилдүү билим берүүдө мамлекеттик тилдин ролу” аттуу Республикалык форумдун алкагында ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинде өткөрүлгөн иш-чарада колледждин КТББ боюнча координатору Умурбекова Токтайым Акаевна Көп тилдүү билим берүү программасынын ИПКда ишке ашырылышы тууралуу презентация жасады. Ал эми окутуучулар Абдышова Зарина, Турдубекова Зыйнат, Аракеева Анара, Алибекова Кызжибек эксперимент тайпаларга ачык сабак, Эрназарова Гулсере мастер-класс өтүштү. Бул иш-чарага эксперт катары И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинен Ашымбаева Токтобүбү Абасовна жана Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин, Ош гуманитардык-педагогикалык университетинин окутуучулары катышты